Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Ирак армиясы Фаллужага ири чабуул коюуга даярданууда


Сунниттер үстөмдүк кылган Фаллужа баш калаа Багдаддан 70 километрдей алыс орун алган. Шаар 2014-жылы радикалдардын колуна өткөн.
Сунниттер үстөмдүк кылган Фаллужа баш калаа Багдаддан 70 километрдей алыс орун алган. Шаар 2014-жылы радикалдардын колуна өткөн.

Ирак куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүктөрү Фаллужа шаарынын четине топтолуп турат. Бир нече күндөн бери армия калааны "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунан кайтаруу операциясын жүргүзүп келатышат. Ал ортодо ирактык күрттөрдүн кошуундары Мосул шаарын көзөмөлдөп турган согушкерлердин жолун бөгөө үчүн өлкө түндүгүндө чабуулдарын күч алдырышты. Ирак атайын күчтөрүнүн расмий өкүлү Дхия Тамирдин айтымында, Фаллужа операциясына катышып жаткан акыркы батальон жекшембинин кечинде Тарик лагерине жайгаштырылды. 22-майдан бери уланып жаткан операциянын жүрүшүндө Иран колдогон шиит кошуундары шаардын жака белиндеги бир топ райондорду алууга жетишти. Суниттер үстөмдүк кылган Фаллужа баш калаа Багдаддан 70 километрдей алыс орун алган. Шаар 2014-жылы радикалдардын колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG