Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Пакистанда бойго болтурбоо продукциясын жарнамалоого тыюу салынды


Пакистандык аялдар
Пакистандык аялдар

Пакистан контрацепциянын бардык түрлөрүнө, анын ичинде төрөттү көзөмөлдөө жана үй-бүлөнү пландоо боюнча дарыларды жарнамалоого тыюу салды. Электрондук маалымат каражаттарынын ишин тескеген орган 28-майда билдиргендей, андай жарнамалар “жашы жетелек таза балдардын” кызыгуусун жаратып жатат деген даттануулар көп түшүүдө. Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, тыюуга баш ийбеген радио, телеканалдар жоопко тартылмакчы. Бирок кандай жаза каралганы такталган жок. Мындай чара Пакистан өкмөтүнүн балдардын төрөлүүсүн көзөмөлдөө жаатындагы демилгелерине карабай көрүлүп жатат. 180 миллион калктуу эскичил көз караштар үстөмдүк кылган өлкөдө жыныстык катнаш тууралуу сөз кылуу жабык темалардан. Пакистан калктын саны боюнча дүйнөдө 6-орунда турат. Расмий маалыматтар боюнча калктын өсүү рейтинги 1,92 процентти түзөт. Божомолдордо 2025-жылга чейин пакистандыктардын саны 227 миллионго жетет деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG