Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Апрель соту боюнча сот өкүмү окулууда


Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.
Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл.

Республикалык аскер сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмү окулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка “ жабырлануучулардын адквокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, иштин көлөмдүү болгонуна байланыштуу өкүмдү окуу өткөн жумадан бери уланууда.

Жамансариев сот өкүмү жакынкы күндөрү жарыялана турганын кошумчалады.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга кесилген. Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев он жылга кесилип, камакка алынган. Он жылга кесилген Суталиновдун кеңешчиси Марат Бакиевге, ошол кездеги президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванаяга жана өмүр бою эркинен ажыратылган ошол кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновго сыртынан өкүм чыккан болчу.

Мамлекеттик айыптоо “Альфа” өзгөчө багыттагы тобунун буга чейин акталган айрым кызматкерлерин камакка алууну өтүнгөн. Бул иш Бишкек шаардык гарнизондук сотто каралган.

Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылкы элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG