Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Авиакырсыктан набыт болгон Жылдыз Насирдинованын сөөгү жерге берилди


Кыйраган учактын үн жазгычы.
Кыйраган учактын үн жазгычы.

Быйыл март айында Орусиянын Ростов-на-Донудагы учак кырсыгында каза тапкан кыргызстандык Жылдыз Насирдинованын сөөгү бүгүн Нарын шаарында жерге берилди. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев билдирди. Анын айтымында, кырсыкка кабылган учак толугу менен күйүп кеткендиктен, набыт кеткендердин ДНК анализдерин аныктоого 2 ай убакыт кеткен.

FlyDubai авиакомпаниясына таандык Боинг-737 учагы 19-марттын таңында Ростов-на-Дону аэропортунда кыйрап, 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза болгон. Алардын арасында 28 жаштагы кыргызстандык Жылдыз Насирдинова да болгон. Ал учакта стюардесса болуп иштечү.

Ал эми Fly Dubai компаниясы Насирдинованын үй-бүлөсүнө компенсация иретинде 20 миң доллар төлөп берери аталган компаниянын сайтында жарыяланган. (MiK)

XS
SM
MD
LG