Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Айыл жаштарынын республикалык спартакиадасы башталды


“Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аталышындагы республикалык спартакиаданын катышуучулары. 29-май, 2016-ж.
“Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аталышындагы республикалык спартакиаданын катышуучулары. 29-май, 2016-ж.

Чолпон-Ата шаарында “Дени сак улут, өнүгүп жаткан өлкө” аталышында республикалык спартакиада башталды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан маалымдашкандай, мелдештин ачылыш аземи 29-майда өтүп ага Кыргызстандын жети облусунан келген командалардан 650дөн ашуун жаштар катышууда. Байгелер спорттун жети түрүнөн - ордо, жеңил атлетика, тогуз коргол, кыргыз күрөш, кол күрөш, волейбол жана футбол боюнча ойнотулат.

Жеңүүчүлөр жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланат. Таймаштар 2-июнга чейин созулат.

Айыл жаштарын дене тарбия жана спортко үндөөгө багытталган бул спартакиада 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Республикалык спартакиадага райондук жана облустук мелдештерде жеңишке жетишкендер жолдомо алышкан. Спорт чеберлери жана шаар тургундары бул мелдешке катыша алышпайт.

Быйылкы саамалык “тарых жана маданият” жылына арналган. (ECh)

XS
SM
MD
LG