Балыкчыда этиятсыздыктан башына ок тийип каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектелген аскер сегиз айга аскердик абакка кесилди. Мындай маалыматты Балыкчы шаарынын аскер прокурору Майрамбек Акматалиев тастыктады. Анын айтымында, прокуратура кылмышка шектелген аскерди төрт жылга эркинен ажыратууну сураган. Бирок каза болгон аскердин жакындары эч кандай доосу жок экени тууралуу тосмо арыз жазып бергенине байланыштуу Аскер соту сегиз айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Быйыл 18-февралда Балыкчыдагы №20636 аскер бөлүгүндө 19 жаштагы жоокер Дастан Мурат уулун сүрөткө түшөм деп даярданып атканда жанында турган шериги кокустан атып алган. Дастан ооруканада каза болгон. Алар экөө тең былтыр жазында кызмат өтөөгө чакырылган. Бул окуя боюнча аталган аскер бөлүктүн төрт кызматкери иштен алынган.(BkA)