Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

ММК: Кудрин геосаясий чыңалууну жумшартууну сунуштады


Алексей Кудрин.
Алексей Кудрин.

Орусиянын стратегиялык иликтөөлөр борборунун башчысы Алексей Кудрин өлкөдөгү Экономикалык кеңештин жабык жыйынында президент Путинге геосаясий чыңалууну жандырууну сунуштаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка караганда, бул технологиялык жактан артта калган өлкөгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зарылдыгынан улам сунушталды деп, жеке булагына таянып “Ведомости” гезити жазып чыкты.

Гезиттин маалымдашынча, Кудрин Путинге Орусия технологиялык жактан артта калганын, эми эл аралык технологиялык катарга жанашыш үчүн жаңычылдык керектигин түшүндүргөн.

Ал эми президент миң жылдык тарыхы бар Орусия ага карабастан суверенитетин соодага салбай турганын эскерткен.

Кудрин мурдатан эле жагымдуу саясий акыбал түзүлмөйүн Орусиядагы инвестициялык климатты жакшыртуу мүмкүн эместигин айтып келет.

XS
SM
MD
LG