Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Жапония: үч күндөн бери токойдо жоголгон бала изделүүдө


Жапониянын Хоккайдо аралындагы Нанаэ шаарындагы токойдо полиция менен өрт өчүрүүчүлөр үч күндөн бери жети жашар Ямато Тануканы издешүүдө.

Полицияга баланын ата-энеси кайрылышкан. Алар алгач баласын жоголуп кетти дешкени менен, кийин өздөрү токойго калтырышканын мойнуна алышкан. Ата-эне тентегине чоң адамдар бараткан автоунааларга таш атканы үчүн ушундай “тарбия” берүүнү чечишкен.

Алар жарым чакырымдай ыраак кетип, беш-он мүнөттөн кийин келип уулун таба албай калышкан.

XS
SM
MD
LG