Бишкекте балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча талкуу өттү. Талкууну Жогорку Кеңештин социалдык комитети жана “SOS Балдар айылы» коомдук фонду уюштурган.
Аталган фонддун өкүлү Гүлмира Шакиралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, балдар үйлөрүнөн тарбияланган жетим балдарга камкордук көрүүнүн жол-жобосу талкууланды. Жыйынга катышкан Жогорку Кеңеш депутаттары бул маселени чечүү үчүн кылдат мамиле кылуу зарылдыгын белгилешти.(BkA)