Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Германияда суу ташкынынан кеминде үч киши мерт болду


Германия
Германия

Германияда кара нөшөрдөн пайда болгон суу ташкыны үч кишинин өмүрүн алды. Окуя өлкөнүн түштүк-батышындагы Баден-Вюртемберг аймагында дүйшөмбүгө оогон түнү болгон.

60тагы кишинин сөөгүн сууга толгон жертөлө-гараждан табышкан. Полициянын кабарлашынча, суу өтө тездик менен толуп кеткендиктен ал чыга качууга үлгүргөн эмес.

Ал эми Швебиш-Гмюнд шаарында дагы бир киши менен аны куткармакчы болгон өрт өчүрүүчү мерт болду.

Куткаруучулар түнү боюу аймактын жашоочуларын коопсуз жерлерге көчүрүштү. Көчөлөрдү каптаган суунун деңгээли бир жарым метрге чыкканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG