Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Астанада Евразия экономикалык биримдигинин жыйыны өтөт


Астана.
Астана.

Бүгүн Астанада Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу болот. Ага катышуу үчүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстанга жөнөп кетерин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Отурумда интеграцияны тереңдетүүгө байланышкан маселелер талкууланат. Анын ичинде газ, мунай жана мунайзаттардын жалпы рыногун түзүү, чет өлкөлөр жана аймактык интеграциялык бирикмелер менен соода-экономикалык алаканы кеңейтүү маселелери каралат. Соңунда президенттер биргелешкен чечимдер менен документтерге кол коюшат. Астанадагы отурум маалында өлкө башчылары эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү да мүмкүн.

Евразия экономикалык биримдигине Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (NT)

XS
SM
MD
LG