Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Сирияда аба соккудан кеминде 14 адам набыт кетти


Syria -- People inspect the damage after an explosion occurred outside a mosque in the rebel-controlled city of Idlib, May 27, 2016
Syria -- People inspect the damage after an explosion occurred outside a mosque in the rebel-controlled city of Idlib, May 27, 2016

Сирияда козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб шаарындагы абадан урулган соккудан кеминде 14 адам мерт кетип, дагы ондогон киши түрдүү жараат алды. Бул тууралуу бүгүн Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория билдирди. Маалыматка караганда, шаардагы оорукана жайгашкан районго жана башка аймактарга кеминде жети жолу сокку урулган. Аталган уюм чабуулду орусиялык учактар жасаганын божомолдоодо.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары да ооруканага урулган соккудан ондогон адамдар каза тапты деп кабарлады. Бирок, шаардын башка райондорунда мерт кеткендердин саны тууралуу так маалымат айтыша элек. Ал эми Идлибде куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, аба чабуулдан ондогон адам каза таап, жүздөгөнү жараат алды.

XS
SM
MD
LG