Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияны Күрт жумушчу партиясын курал менен камсыздап жатат деп айыптады.
Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, Эрдоган Москва Ирак менен Сирия аркылуу курал-жарак өткөрүп жатканын айткан. Түрк бийлигинин өкүлдөрү президенттин мындай сөзүн ырасташты.
Буга жооп иретинде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов "айтылган сөздөр далилдениши керек”, - деп билдирди. Эрдоган мындан мурда да Сириядагы күрттөрдү колдоп жатат деп Москваны сындап келген.
Былтыркы жылдын ноябрында түркиялык аскерий-аба күчтөрү орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен. Окуядан кийин Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизип, эки тараптуу сооданын көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.