Бул тууралуу Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Вадим Скибицкий 30-майда Киевде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Орусия аннексиялап алган Крымда 24 миң орусиялык аскер бар. Кремль жарым аралдагы күчтөрүнүн санын көбөйтүүдө.
2020-2025-жылдарга чейин Крымдагы аскерлери менен курал-жарактын санын “бир жарым-эки эсеге” көбөйтүүнү пландап жаткандыгын белгиледи.
Орус тарап азырынча буга жооп бере элек. Бирок Орусиянын коргоо министрлиги жарым аралдын аймагында аскерий машыгуулар жигердүү жүрүп жаткандыгын билдирип келет.