Акыркы эки күндөгү куралдуу кагылышууда Гилменд провинциясында 50дөн ашуун кызматкери курман болгонун провинциядагы полиция башчысы Эсматулла Давлатзай билдирди. Провинциянын саламаттык сактоо департаментинин башчысы Энайятулла Гаффари көпчүлүгү Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери болгон 50дөн ашуун киши ооруканага түшкөнүн кабарлады.
Маалыматтарга караганда, талиптер провинция борбору Лашкаргахка бир нече тараптан кол салышкан. Коргоо министрлигинин өкүлү Давалат Вазери министрликтин күчтөрү Гилмендеги уруш болуп жаткан жерге барганын билдирди. Абадан да сокку урулууда. Акыркы жылда талиптер Гилменд провинциясына көп чабуул коюуда. (AiT)