Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Ооганстанда согуштан үй-жайын таштап кеткендердин проблемасы көбөйүүдө


Ооганстан.
Ооганстан.

"Эмнести интернешнл" уюмунун маалыматы боюнча, согуштан качып, жашаган жерин таштоого аргасыз болгондордун саны Ооганстанда үч жылда эки эсе өсүп, 1 млн. 200 миң кишиге жетти. Уюмдун Лондондо жайгашкан бөлүмүнүн баяндамасында, чет өлкөлөрдө 2 млн. 600 миң ооган качкын катары жүргөнү, Ооганстандын ар бир үй-бүлөсү акыркы 40 жылда үйүнөн качууга аргасыз болгону белгиленген.

Өлкө ичинде үй-жайын которууга аргасыз болгондор дурус турактын жоктугу, суу тартыштыгы, кунарсыз тамак-аш жана саламаттык сактоо, билим берүү, жумуш таба албай, социалдык оорчулуктан жабыркашат.

“Дүйнө жүзүнүн көңүлү Ооганстандан башка тарапка бурулгандыктан, биз бул жердеги проблеманы унутта калтырып жатабыз”,- дейт "Эмнести интернешнл" уюмунун Түштүк Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Чампа Пател. (AiT)

XS
SM
MD
LG