Кумтөрдү иштеткен “Центерра Голд” компаниясы экологиялык доо боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдойт.
Бул тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында жарыяланды. Анда компания Бишкектин райондор аралык сотунун чечими туура эместигин жана бардык экологиялык талаптарды сактоо менен иштеп жатканы айтылган.
Буга байланыштуу райондор аралык соттун чечиминин үстүнөн Шаардык сотко, керек болсо Жогорку Сотко кайрыларын билдирген. Ошондой эле 2009-жылдагы инвестициялык келишим боюнча Эл аралык арбитражга кайрыларын эскерткен.
25-майда сот Кумтөр кениндеги экологиялык эрежелер сакталбаганы тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын доосун канааттандырып, "Кумтөр голд компанини” 6,7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Аталган инспекция “Кумтөр голд компани” ишканасы “кен казууда калдыктарды муз үстүнө таштаган”, “жер катмарын бузган”, “эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн” жана “суу үчүн акы төлөгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. Мындан айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сом талап кылган.(BkA)