Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

“Кыргызнефтегазга” тиешелүү аймакта баңги зат табылды


Кара куурай.
Кара куурай.

Ноокен районунда “Кыргызнефтегаз” ишканасына таандык суу камсыздоо аймагына эгилген жүгөрүнүн ичинен жашыруун эгилген 1400 түпкө жакын банги зат өсүмдүгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Атайын иш чаранын алкагында 200 кг баңгизат табылган аймакка тиешелүү 36 жаштагы район тургуну кармалып, күбөлөрдүн катышуусунда тийиштүү иш кагаздар түзүлгөн. Учурда бул багытта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.(RsK)

XS
SM
MD
LG