Орусияда абакта эки жыл жаткан Надежда Савченко өткөн жумада бошотулган. Ал 31-майда депутат катары Жогорку Радада ант берди. Надежда Савченко 2014-жылы Юлия Тимошенко жетектеген “Батьковщина” партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланган. Ал парламентте сүйлөп жатып, Орусияда туткунда кармалып жаткан украиналыктарды бошотууга артыкчылык берерин билдирди.
Савченко орус президенти Владимир Путин аны кечирүү тууралуу жардыкка кол койгондон кийин бошотулган. Ал Украина чыгышында 2014-жылы июнь айында туткунга түшкөн. (AiT)