Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Казак оппозициясы Алматыда “Эркиндик” сыйлыгын тапшырды


“Эркиндик” сыйлыгын тапшыруу учуру
“Эркиндик” сыйлыгын тапшыруу учуру

Ал жыл сайын адамдарга демократияны өнүктүрүүгө жана жарандык коомду курууга кошкон салымы үчүн ыйгарылат. Быйылкы жылы сыйлык “Накануне.кз” оппозициялык сайтынын абактагы редактору Гузяль Байдалиновага жана оролдук бард ырчы, жердин сатылышына каршы акцияларга чыкканы үчүн эки айга камалган Жанат Эсентаевге ыйгарылды. Ал эми маалымат каражаттарын коргоо багытында иштеген “Журналисттер кыйынчылыкта” уюмунун жетекчиси Розлана Таукинага сыйлык өз колуна тапшырылды.

“Эркиндик” сыйлыгын 2009-жылы алган журналист Рамазан Есерепов казак бийлигине жолдонгон кайрылууну окуп, жарандык активисттерди куугунтуктоону токтотууну талап кылды. “Эркиндик” сыйлыгы 2003-жылдан бери берилип келет. Анын акчалай сыйы жок.

Жыл сайын 31-майда Казакстанда саясий репрессия курмандыктары эскерилет. (AiT)

Казак оппозициясынын "Эркиндик" сыйлыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

XS
SM
MD
LG