31-майда Жаш ишкерлер ассоциациясы жана Capital KG медиа компаниясы аэропорттун жетекчилиги менен талкуу уюштуруп, кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү боюнча келишим түзүлдү. Жаш ишкерлер ассоциациясы аэропортто иштеген чек арачыларга да тренингдерди уюштурмай болду. Муну менен жайкы туристтик мезгилди утурлай аэропорт кызматкерлерин чет элдиктерге сылык-сыпаа мамиле жасоого үйрөтүү аракети көрүлмөкчү.
Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү коноктор Кыргызстан тууралуу алгачкы таасирди аэропорттон аларын, туристтер узак убакыт паспорттук көзөмөлдөн өтүп, жүктөрдү кайра-кайра текшерүүгө кабыларын, дааратканалар таза эместигин, чет тилдерди билбеген кызматкерлердин орой мамиле жасаган учурлары да арбын экенин билдиришүүдө. Алардын пикиринде, таксисттердин беймаза кылганы да маселе жаратууда.(NT)