Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Жаңы автономурларды даярдоо борбору ачылат


Жаңы номурлар.
Жаңы номурлар.

Бүгүн “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын алдында жаңы автоунаа номурларын даярдоо боюнча борбордун ачылышы болуп, расмий ишке киришет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Аталган борбор аркылуу бүгүндөн тарта Кыргызстандагы унааларга жаңы үлгүдөгү номурлар бериле баштайт. Аларда атайын коргоо белгилери күчөтүлүп, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган. Жаңы үлгүдөгү номурлар үч тамга, үч сандан турат.

Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт. Өлкөдөгү автоунаалардан жаңы үлгүдөгү номур берүү чечимин өкмөт былтыр декабрь айында кабыл алган. (NT)

XS
SM
MD
LG