Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Парламентте CASA-1000 долбоорун каржылоо талкууланды


CASA -1000 энергетикалык долбоорунун ачылыш аземи, Тажикстан, Турсунзаде,13-май 2016-жыл.
CASA -1000 энергетикалык долбоорунун ачылыш аземи, Тажикстан, Турсунзаде,13-май 2016-жыл.

Жогорку Кеңеште САSA-1000 долбоорун каржылоо боюнча Кыргызстандын эл аралык финансылык уюмдар менен макулдашуулары талкууланды. Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргызстанга Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан 38,25 млн АКШ доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 млн евро жана Ислам өнүгүү банкынан 50 млн АКШ доллар насыя алуу каралган.

Талкуу учурунда Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев CASA-1000 долбоорун ишке ашырууда республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбастыгын, ага эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 млн доллар гана жумшаларын билдирди.

Депутаттар долбоорду ишке ашырууда өлкө энергетикалык керектөөсүн камсыздай албай жатып, сыртка импорттоо кыйын болорун белгилешти.

САSA-1000 Кыргызстан,Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоону камсыз кылчу долбоор. Электр энергиясын ташып жеткирүүнүн жалпы узундугу 1222 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG