Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

"Кабар" агенттиги ЖК төрагасынан кечирим сурады


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Мамлекеттик “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсү делген буга чейин жарыяланган маалыматты төгүнгө чыгарды. 31-майда аталган агенттиктин сайтында "Кумтөр" боюнча мен өкмөткө соттошпоо жолун сунуштайм” деген аталыш менен жаңылык чыккан.

Жаңылыкта кабарчы Чыныбай Турсунбековго шилтеме жасап, төрага "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөттү “Центерра Голд” компаниясы менен соттошпоого чакырганын билдирген. Бирок агенттик бул кабар чындыкка дал келбей турганын билдирип, парламент төрагасынан кечирим сурады.

Парламент төрагасынын маалымат катчысы Мирлан Токталиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Чыныбай Турсунбеков "Кабар" маалымат агенттигине маек курган эмес. Токталиев "аталган агенттиктин кабарчысы башка адам менен маектешип, Турсунбековго шилтеме берүү менен жаңылыш маалыматты сайтка чыгарып жиберген", - деп билдирди. Төраганын маалымат кызматы мындай кабардын жарыяланышын кимдир-бирөөлөрдүн чагымы катары баалоодо. (BkA)

XS
SM
MD
LG