Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда белгилүү дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандардын соту башталды. Сотко кол салууга шектелген Тилек уулу Алибек алып келинди. Ал судьянын суроолоруна туруп жооп берүүдөн баш тартты.
Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрда Бишкекте кол салышып, анын бетин бычак менен тилип кетишкен. Теолог кол салгандар өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террорчу топтун өкүлдөрү экенин билдирген.
Кылмышка шектүү делген Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Кийин алар Кыргызстанга алып келинген.(BkA)