Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 6-7-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкекте 6-7-июнда КМШнын өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Аны утурлап Орусиянын премьер-министри расмий сапар менен келип, эки өлкө ортосундагы алаканы жакшыртуу, Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы кызматташтык, Орусияда эмгектенген мигранттардын абалын жакшыртуу сыяктуу маселелер талкууланат.
Ошондой эле саммитке тушташ кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөрү пландалууда.(BkA)