Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Анкара Берлинге алака бузуларын эскертти


Армян президенти Саргсян Бундестагдын вице-спикери Бульман менен жолугушууда. Ереван, 25-май, 2016
Армян президенти Саргсян Бундестагдын вице-спикери Бульман менен жолугушууда. Ереван, 25-май, 2016

Түрк бийликтери эгерде Бундестаг 1915-жылкы Осмон империясы маалындагы армян кыргынына байланыштуу резолюцияны кабыл алса, түрк-немис алакасы бузуларына шек жоктугун эскертти. Резолюцияда окуянын “геноцид” деп аталышы Анкаранын айрыкча ачуусун келтирди.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым резолюциянын текстин “күлкү келтирген” жана “абсурд" деп баалады. Анкара 1915-жылкы окуяны геноцид деп санабай турганын кайталап, ал жаңжалда эки тарап тең курмандыкка айланганын кайталады.

Буга чейин президент Режеп Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөшкөндө документ кабыл алынса, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык, саясий, соода жана аскерий мамилелерге кесепети тийерин эскерткен.

Бундестагда добуш берүү бейшембиге коюлган. Өткөн жылы немис парламенти 1915-жылкы кыргынды геноцид деп таануу жөнүндө резолюция кабыл алганда Анкара менен мамиле өзгөргөн деле эмес.

XS
SM
MD
LG