Жогорку Кеңеш депутаттары Ички иштер министри кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкердигин колдоду. Анын талапкердигин талкуулаган жыйынга катышкан 113 депутаттын 105 макул деген добуш берди. Парламент жыйынына Жунушалиевди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды.
Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеген.
Мурунку министр Мелис Турганбаев 30-майда кызматтан кеткен болчу. (BkA)