Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

УКМК укук коргоочу Исмаилованын чакырылганын четке какты


Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын аталган органга чакырылганы боюнча маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, укук коргоочуга коопсуздук комитетинин кызматкерлери чалып, кеңсеге чакырган эмес.

“Бизде Исмаиловага азырынча суроолор жок. Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, биз аларды алып келүүгө даярбыз” - деди Сулайманов.

Бүгүн укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү телефон чалып, коопсуздук органынын кеңсесине келүүнү суранганын, бирок расмий түрдө чакыруу келбегени үчүн баруудан баш тартканын билдирген.

Исмаилова бул чакырууну өзүнүн ишмердигине байланыштырган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG