Чех полициясы алар Европа биримдигине кирүү үчүн мигранттарга Литванын документтерин жасап тараткандыгы үчүн кармалганын билдирди.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы чех полициясынын маалымат катчысы Павел Хантак 31-майда Чехиянын аймагында мурдагы совет өлкөлөрүнөн чыккан 10 шектүү киши кармалганын айтты. Алардын бешөө Украинадан экени айтылып, калгандары беймаалым калды.
Шектүү деп кармалгандарга Чех Республикасына кирүү үчүн жалган документ жасаган деген кине тагылууда, эгер алардын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Хантак кармалгандар Литвада мыйзамсыз түрдө паспортторду, ID карталарды жана айдоочулук күбөлүктөрдү жасап, адамдарды Чехияга жана башка Евробиримдиктин өлкөлөрүнө алып келишкенин билдирди.
Полиция өкүлү ошондой эле жасалма документ менен Чехияда жети мигрант кармалганын билдирип, алардын аты-жөнүн айтпаганы менен Евробиримдиктин аймагынан чыгарылганын кошумчалады.