Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Сараеводо cогуштан жабыркагандар Ак тасма күнүн белгилешти


Босния согушуна арналган музейдеги буюмдар
Босния согушуна арналган музейдеги буюмдар

Сараеводо согуш кылмыштарынан жабыркагандардын жакындары, активисттер, шаар тургундары Ак тасма күнүн белгилеп, Босния урушунда Приедор калаасында курман болгон миңдеген бейкүнөө адамдарды эскеришти. 1992-жылдын 31-майында босниялык сербдердин куралдуу кошуундары шаарды жана анын айланасын ээлеп алып, башка улуттагы тургундарды үйдүн чатырларына ак желек илип, өздөрүнө ак тасма тагынууга буйрук беришкен. Бул атууга кетчүлөрдү аныктаган босниялык сербдердин этникалык тазалоо кампаниясынын бир бөлүгү болгон. Жайдын аягына чейин атайын лагерлерде кармалып турган миңдеген бейкүнөө кишилер атууга кеткен. Приедордогу согуш кылмыштары үчүн кийин 40 киши сот жообуна тартылган.

XS
SM
MD
LG