Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

ЮНИСЕФ Фаллужадагы балдардын абалына тынчсызданды


Уруш болуп аткан жердеги балдар.
Уруш болуп аткан жердеги балдар.

Бириккен Улуттар уюмунун Балдар агенттиги (ЮНИСЕФ) 20 миңге жакын бала Ирактагы аскердик аракеттер жүрүп жаткан Фаллужа шаарында калганын билдирди.

“Зордук-зомбулук шартта калган балдардын абалына тынчсызданып жатабыз”-деди ЮНИСЕФтин Ирактагы өкүлү Питер Хокинс.

Хокинс 1-июнда бул аймактагы балдар аргасыздан согуштук аракеттерге тартылып жатканын белгиледи.

2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” террорчул тобу ээлеп турган Фаллужа шаарын бошотуу операциясын Ирак аскер күчтөрү 22-майда башташкан. Аскер күчтөрүнүн офицерлеринин бири андан бери шаардын 80%ы бошотулганын кабарлады. Аскерлердин башкы милдети карапайым адамдардын канына забын болбостон шаарды террорчулардан тазалоо.

Башкалаа Багдаддан 70 чакырым ыраактагы Фаллужа шаарында террордук топтун колунда 50 миңдин тегерегиндеги жергиликтүү тургундар кармалып турганы кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG