2-6-июндагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
2-июнда айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 27...32;
Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16..21, күндүз 28...33 градус жылуу болот;
Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6...1, күндүз 21...26 жылуу болот.
Бишкек шаарында 2-июнда шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус, күндүз 30...32 градус болот.