Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Швейцарияда дүйнөдөгү эң узун жана терең темир жол туннели ачылды


Швейцарияда жаңы ачылган туннель
Швейцарияда жаңы ачылган туннель

Альпы тоолорун тешип өткөн узундугу 57 чакырым туннелди курууга 12 миллиард швейцариялык франк сарпталган. Европанын батышы менен түштүгүн бөлүп турган тоону тешип өткөн туннел аркылуу жүргүнчү жана жүк ташыган поезддер каттайт.

Туннелди курууга 17 жыл кетип, 12 миллиард доллар жумшалган. Инженер куруучулар 73 түрдүү тоолорду жардырган, курулуш маалында тогуз жумушчу каза тапкан. Жогорку ылдамдыкта жүргөн поезддер туннелден 17 минутада өтүп кетет. Жаңы туннел жыл аягына чейин күнүнө 260 жүк жана 65 жүргүнчү ташыган поездди тейлейт деп пландалууда.

XS
SM
MD
LG