Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Талиптер сотко кол салып 10 киши каза тапты


Кабылга кирген жолдун коопсуздугуна көз салган ооган жоокери
Кабылга кирген жолдун коопсуздугуна көз салган ооган жоокери

Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында талип согушкерлери менен полициянын кармашында 10 киши өлдү, анын бешөө жөнөкөй жарандар, бирөө полиция кызматкери.

Ички иштер министри провинциянын борбору Газни шаарында “төрт террорчу” чабуул койгонун билдирет.

Провинциянын губернаторунун маалымат катчысы адегенде жанкечти соттун кире беришинде өзүн жардырып, андан кийин үч согушкер имаратты курчап алганын айтты. Үч согушкерди тең полиция атып өлтүргөн. Чабуулду “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды.

Талиптер апрелде баш калаа Кабулда чабуул койгон деп айыпталып, 8-майда дарга асылган алты “Талибан” кыймылынын мүчөсү үчүн өч аларын билдирген.

1-июнда түндүктөгү Балх провинциясында полиция кызматкери жолдо баратканда жардырылган. Бул үчүн жоопкерчиликти дагы “Талибан” кыймылы өзүнө алган.

31-майда “Талибандын” согушкерлери Кундуз провинциясында жолдон өтүп бараткан атвобуска кол салып, 13 кишини өлтүрүп, 20 кишини барымтага алган. Шаршембиде полиция күчтөрү алардын 12син бошоткону кабарланды.

XS
SM
MD
LG