Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Икрамов: Өкмөт табыгый кырсыктардын алдын албай жатат


Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкү.
Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкү.

Парламентте Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктардын алдын албай жатканына нааразылык айтылды. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү табигый кырсыктарды алдын-алуу боюнча жетиштүү иш жасалбаганынан улам адам өмүрүнө зыян келип, мерт кеткендер болууда. Буга байланыштуу депутат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес, деп табууну сунуштады.

Буга Социал-демократтар фракциянын лидери Иса Өмүркулов макул болбой, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын алдын алуу боюнча ыкчам аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Өмүркулов кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникаларды алууга каражат бөлүүнү сунуштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG