Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Аксы: чек арачылар менен кызматташкан милиция сыйланды


Аксы району.
Аксы району.

Чек ара кызматы жерди коргоодо көрсөткөн колдоо-көмөгү үчүн Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Момуналы Добулбековду аталган кызматтын 15 жылдыгына арналган, ал эми анын орун басары Азамат Тагаевди “Карегимде мекен чеги” деген мааракелик медалдар менен сыйлады.

Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал көп катталат, ок атылган, андан адам өмүрү кыйылган учурлар да болот.

Быйыл 18-мартта Аксыдагы талаштуу Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин коңшу өлкө аскерлерин 25-мартта чыгарып кеткен. Президент Алмазбек Атамбаев бул окуяны Өзбекстандын аргасыз амалы, коркутуу аракети деп сыпаттаган. Буга чейин Өзбекстан пайдаланып келген айрым объекттерди кайтарып ала баштаганда расмий Ташкен ушундай кадамга барды деген. (EBM)

XS
SM
MD
LG