Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлери өмүр бою кесилди


Ислам кайра жаралуу партиясынын сүргүндөгү лидери Мухиддин Кабири.
Ислам кайра жаралуу партиясынын сүргүндөгү лидери Мухиддин Кабири.

Дүйшөмбү соту бүгүн Тажкистандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын эки жетекчисин өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарды. Мындай жазага партия төрагасынын орун басары болуп келген Сайдумар Хусайни жана Мухаммад Хайит кириптер болушту.

Партиянын мындан башка 11 активисти 14төн 28 жылга чейинки мөөнөткө кесилишти. Айыпкерлердин арасындагы жалгыз аял киши, партиянын юристи Зурафо Рахмони эки жылга эркинен ажыратылды. Сот жараяны жабык эшик артында өттү.

Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги 2015-жылдын сентябрында бийликти күч менен тартып алуу үчүн аракеттенген деп айыпталган куралдуу топтун башчысы генерал Абдухалим Назарзоданы колдогон деп айыпталышкан.

Тажик бийликтеринин ырастоосунда, Назарзода баштаган куралдуу топтун Дүйшөмбүдө полиция бөлүмдөрүнө кол салуусунан кеминде 25 кишинин өмүрү кыйылган. Мурда коргоо министринин орун басары болгон генерал өзү өкмөттүк күчтөрдүн операциясы учурунда жок кылынган.

Тажикстандын Жогорку соту былтыркы сентябрдагы окуялардан кийин Ислам кайра жаралуу партиясын “террористтик жана экстремисттик” уюм деп тапкан. Партиянын учурунда бозгунда жүргөн лидери Мухиддин Кабири мындай айыптоолорду четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG