Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Германия парламенти армян геноциди боюнча резолюцияны добушка салат


Германия парламенти.
Германия парламенти.

Немис парламенти бүгүнкү добуш берүү учурунда өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылышын геноцид катары тааныган символикалык резолюцияны колдору күтүлүүдө.

Немис парламенти мындай кадамга Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын резолюция Анкара менен Берлиндин мамилеси бузары жөнүндөгү эскертүүсүнө карабай барууда.

Армения президенти Серж Саркисян болсо тескерисинче немис депутаттарын резолюцияны колдоп, Түркиянын эскертүүлөрүнө көңүл бурбоого чакырган.

Талдоочулар резолюциянын дал азыркы учурда кабыл алынышы Түркия менен качкындар жана мигранттар боюнча келишимге барган немис канцлери Ангела Меркелди оңтойсуз абалга калтырарына көңүл бурушууда.

Документти Бундестагдан өткөрүүгө оппозициядагы Жашылдар партиясы катуу аракеттенип, аларды Меркелдин Христиан-демократтар, коалиция боюнча өнөктөш Социал-демократтар партиясынын бир топ депутаттары да колдоодо.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндын кырылышын кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга караманча каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG