Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Футбол жылдызы Мессинин иши сотто каралууда


Месси жана анын атасы сотто. Барселона, 2-июнь, 2016-жыл.
Месси жана анын атасы сотто. Барселона, 2-июнь, 2016-жыл.

Испаниянын соту бул өлкөнүн бийликтеринин Лионель Мессиге жана анын атасына каршы салык төлөөдөн качты деген айыптоосун кароодо. Бүгүнкү сот жараянга ал өзү алгачкы ирет келди.

Месси жана анын атасы эгер сотто салык төлөөдөн 4,1 миллион еврону жашырганы үчүн күнөөлүү деп табылса, эки жылга чейин түрмөгө кесилүүсү ыктымал.

Маалыматтарга караганда, аларга мындай жаза берилбейт, бирок айып салынышы мүмкүн.

Америкалык "Форбс" журналынын рейтингине караганда, Месси акыркы он жылда эң өп акча тапкан спортчулар ичинде 10-орунда турат.

“Форбс” Мессинин акыркы он жылдагы кирешесин 350 миллион доллар деп эсептеген. (UE)

XS
SM
MD
LG