Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Ооганстанда 17 хазарды уурдап кетишти


Хазар азчылыгынын Кабулдагы нааразылык акциясы. 16-май, 2016-жыл.
Хазар азчылыгынын Кабулдагы нааразылык акциясы. 16-май, 2016-жыл.

Ооган расмий өкүлдөрү билдиргендей, хазар азчылыгынын 17 өкүлүн өлкөнүн түндүгүндө автоунаа менен келе жаткан жеринен куралчан адамдар уурдап кеткен.

Бул - акыркы бир апта ичиндеги экинчи уурдоо.

Сар-и-Пул провинциясынын губернатору Захир Вахдаттын айтымында, уурдалгандар "Талибан" көзөмөлдөгөн аймакка алынып кеткен. "Талибан" өз тарабынан бул маалыматты азырынча ырастай элек.

Перс тилинде сүйлөгөн хазарлар - Ооганстандагы шиит жамааты жана алар узактан бери басмырланып келет.

Сар-и-Пул провинция кеңешинин төрагасы Мохаммад Нур Рахманинин айтымында, хазарлар ооган күчтөрү аймактан "Талибандын" бир колбашчысын кармагандан кийин уурдалып отурат жана бул туткундарды алмашуу максатында жасалды.

Эки күн мурда талиптер өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында автобусту буктурмадан токтотуп, 13 адамды өлтүргөндөн кийин дагы бир канча кишини барымтага алган.

Кийинчерээк барымтага алынгандар арасындагы эки адамдын сөөгү табылган. (UE)

XS
SM
MD
LG