Баткенде ак өрүктү Орусияга экспортоо иштери башталды. Кургатылбаган ак өрүк быйыл он-он беш күн эрте бышкан. Былтыр облустун көпчүлүк аймактарында өрүктүн бул түрү түшүм бербей, баасы 100-130 сомго чейин бааланган болсо, быйыл жемиш көп болгондуктан, 30-40 сомдун тегерегинде сатылууда. Жергиликтүү эл аны ортомчуларсыз түз Европа базарларына чыгарса, киреше алда канча көп болмок дешүүдө.
Баткен облусунда жалпысынан 10 миң гектарга жакын өрүк багы бар. Багбандар өрүктүн 20дай түрүн өстүрүшөт.(JsA)