Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:15

Түркия: геноцид боюнча резолюция Германия менен мамилени бузат


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германиянын төмөнкү палатасы өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан жапырт кырылышын геноцид катары тааныган резолюция кабыл алгандан кийин билдирди. Анын айтуусунда, Германия парламенти кабыл алган резолюция Түркия менен Германия алакасына олуттуу таасир тийгизет.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго жакын армяндардын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия мындай аныктамаларга каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG