Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Депутат АКШдагы кыргыз элчисин сындады


АКШдагы кыргыз элчиси Кадыр Токтогулов
АКШдагы кыргыз элчиси Кадыр Токтогулов

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында АКШдагы Кыргызстандын элчиси Кадыр Токтогуловдун дарегинде сын айтылды. Эл өкүлү Алтынбек Жунус уулу элчинин ишине көңүл бурууга депутаттарды чакырды. Ал өткөн аптада Кыргызстандын депутаттарынан турган делегация АКШга сапарга барып, эки өлкөнүн парламенттер аралык мамилесин чыңдоо, кызматташуу боюнча сенаторлор, конгрессмендер менен сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. АКШ менен өз ара кызматташтык тууралуу былтыр денонсацияланган келишимди калыбына келтирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу алгылыктуу жооп бере албады деп элчини сындады. Депутат чоң державаларга тажрыйбасы мол, дипломатияны терең түшүнгөн адамдарды дайындоо керектигин айтууда.

36 жаштагы Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси болуп 2014-жылдын этегинде дайындалган. Ага чейин президенттин маалымат катчысы болуп иштеген.

Кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылы кол коюлган өз ара кызматташуу тууралуу келишимди бир жыл мурда жокко чыгарган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG