Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Германияда террорчулукка шектелгендер кармалды


Германия.
Германия.

Германияда Дюссельдорф шаарында теракт жасоого ниеттенген деген шек менен үч сириялык жаран камакка алынды. Немис полициясы кармалгандардын өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ менен байланышы бар экенин айтууда.

Алар 1-февралда Парижде өз ыктыяры менен колго түшүп берген Салех аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Укук коргоо органдарына сириялыктарга каршы далилдерди топтоо үчүн төрт ай убакыт кеткен.

Салех азыр Парижде камакта отурат, Германия аны экстрадициялоого умтулууда.

XS
SM
MD
LG