Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Футбол боюнча курама “Алай” командасына утулду


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы "Алай" футболдук клубуна жеңилип калды. Футбол федерациясынын билдиришинче, оюн 2-июнда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү. Анда 1:0 эсебинде Ош командасынын пайдасына жыйынтыкталган.

24-мүнөттө улуттук курама команданын дарбазачысы Руслан Амировдун одоно оюн көрсөткөндүгүнө байланыштуу мелдештин башкы калысы Бахадыр Кочкаров 11 метрлик айып тобун тебүүнү белгилеп, бул мүмкүнчүлүктү "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу Алиа Силла таамай пайдаланып оюндагы жалгыз голдун ээси болду.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары 28-майдан бери машыгууга чогулушкан. Алар 7-июнда Тегеран шаарында Ирандын улуттук курама командасы менен расмий жолдоштук беттеш өткөрөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG