Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Акүй алдында азиздер жана дүлөйлөр коому эки акция өткөрүүдө


Акүй алдындагы нааразылык.
Акүй алдындагы нааразылык.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү Акүй алдына эки нааразылык акциясын өткөрүүдө. Акцияга чыккан 50дөн ашык адам аталган коомдун президенти Калык Мамбетакунов майыптар үчүн курулган батирлерди жең ичинен бөлүштүрдү деп айыпташууда. Алар майыптар үчүн мамлекеттин эсебинен курулган батирлерди адилетсиз таратканын, коомдун энчисинде бир нече ишкана бар болгону менен, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жумушсуз жүргөнүн айтышууда.

Ошол эле учурда экинчи акцияга чыккандар Мамбетакуновду колдорун билдирип, коомдун айрым мүчөлөрү жетекчисин негизсиз каралап жатканын билдиришүүдө. Акүй алдына топтолгон 100гө чукул адам Коомдук каналда көрсөтүлгөн “Ой ордо” ток-шоусунда Калык Мамбетакунов бир тараптуу сындалганына нааразы болушууда.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун бир катар мүчөлөрү үйгө байланыштуу жетекчилигине көптөн бери нааразылык билдирип келатышат. Буга чейин аталган коомдун мүчөлөрү мекемедеги кырдаал боюнча өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдошкон.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG