Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Мамкызматтарды кыскартчу жумушчу топ ишин баштады


Аткаминерлер.
Аткаминерлер.

Мамлекеттик органдарынын штаттык бирдиктерин оптимизациялоо боюнча жумушчу топ ишин баштады. Бул тууралуу аталган топтун мүчөсү, өкмөттүн мамлекеттик башкаруу жана кадрдык кызмат боюнча бөлүм башчысы Кубанычбк Шадыбеков билдирди. Анын айтымында, аталган жумушчу топ мамлекеттик органдардын саны эмес, андагы кызматкерлердин штаттык бирдиктеринин саны кыскартуу боюнча иш алпарат. Анын алкагында, министрлик жана башка мекемелерде бири-бирин кайталаган кызмат орундарын кыскартуу каралууда.

“Мындай чара органдардын ишин оптимизациялап, натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөйт”,-деп билдирди Шадыбеков.

1-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарды оптимизациялоо тапшырмасын берген. Бул боюнча өкмөт аппарат башчысынын биринчи орун басары Мурат Мукамбетов жетектеген жумушчу топ түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG