Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

"Бишкек парктын” негиздөөчүсүнө козголгон кылмыш иш кыскартылды


"Бишкек парк" соода борбору.
"Бишкек парк" соода борбору.

“Бишкек парк” соода борбору, анын негиздөөчүсү Айдын Мыстачоглуна тагылган айып боюнча кылмыш иш кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Мыстачоглу жетектеген ишкана башка түрк ишкеринин каражатын алдамчылык менен пайдаланганы боюнча кылмыш иш козголгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Азамат Шейшеевдин билдиришинче, кылмыш иш чарбалык чыр негизинде ачылган. “Бишкек парк” соода борбору келтирилген чыгымды төлөп берип, эки тараптын бири-бирине доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш кыскартылды.

Түркиянын жараны Айдын Мыстачоглу Бишкектеги ири “Бишкек парк” соода борборунун негиздөөчүсү. Ал ошондой эле былтыр премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

Бирок өкмөт Мыстачоглунун премьердин кеңешчилигинен бошотулганын билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG