Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

“Ата Мекен” нике мыйзамы боюнча кайрадан добуш берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы бүгүн биринчи окууда четке кагылган Yй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорду кайрадан добуш берүүгө жөнөтүүнү сунуштайт. Мындай чечимди аталган фракция кабыл алды. Фракция мүчөсү депутат Наталья Никитенконун “Азаттыкка” билдиришинче, фракция мыйзам долбооруна добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар түшүнбөй, туура эмес добуш бергени негиз катары көрсөтүлдү. Буга байланыштуу тиешелүү комитеттерге мыйзам долбоорду кайрадан добуш берүүгө жөнөтүү сунушталды.

26-майда парламент расмий күбөлүк ала элек жарандарга нике кыйгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көпчүлүк добуш менен четке каккан. Жарандык активисттер буга нааразылык билдиришип, мыйзамды колдоого эл өкүлдөрүн чакырып келишет. Акыйкатчы Кубат Оторбаев ага кайрадан добуш берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңешке жолдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG